• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Германияда Акаевге жумуртканы элчилик ыргыттырдыбы? (видео)

15 Бештин айы 2017 8:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевге Германияда жумуртка ыргытып, тоскоолдук жараткандар элчиликтин кызматкерлери, үй-бүлө мүчөлөрү деген видео тарады. Ал видеодо элчиликтин кызматкерлери жана элчинин аялы деген жарандардын аты, фамилиясы дагы көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда видеону көрүшкөндүгүн, азырынча жооп бере албастыгын билдиришти. Министрлик аталган видео боюнча жоопту кечке жуук берүүнү убадалашты.

Эске салсак, Аскар Акаев Германиядагы журтташтары менен жолугушуу үчүн барганда колдоруна «Акаев, кет» деген плакаттарды кармап турган жарандар болгон. Алардын арасында бирөө Акаевге жумуртка ыргыткан.

Количество просмотров: 11