• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Акча көбөйтүп берем» деген. Ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды

9 Тогуздун айы 202412:45 Бишкек Govori.TV

Талас шаарынын милициясы акча көбөйтүп берүү убадасы менен ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген аялды кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 2 жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 2022-жылдын 1-декабрь күнү Б.А. аттуу аял киши ишеничине кирип 2 155 500 (эки миллион бир жүз элүү беш миң беш жүз) сом акча каражатын көбөйтүп берем деп алдап алып койгондугун билдирген. Ал эми экинчи жаран 2020-жылдын март айында Б.А. аттуу аял киши акча көбөйтүп берүү убадасы менен 1 700 000 (бир миллион жети жүз миң) сом акчасын алдап алып, бүгүнкү күнгө чейин акчасын кайтарбай жаткандыгын жазган. Натыйжада арыз ээлери ири өлчөмдөгү материалдык чыгымга дуушар болушкан.

Бул фактылар Талас ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Талас ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Талас шаарынын тургуну 1967-ж.т. Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Белгилей кетсек шектүү аялдан алданганын билдирген 8 жарандын арызы боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Эгерде жогорудагы кылмыш ишине шектелген аялдан жабыр тарткандар болсо Талас ШИИБге кайрылса болот»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 251