• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акча опузалады делген активисттерди кармаган учурдагы видео жарыяланды

9 Үчтүн айы 2021 16:58 Бишкек Govori.TV

8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде ири суммадагы акча опузалоо факты боюнча (Жазык кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту) сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө М.А. жана У.Д. аттуу жарандар «Кыргыз темир жолу» ишканасы Каржы полициясы тарабынан текшерилиши мүмкүн экенин жана аталган ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурушарын айтып, коркутуп, 250 миң доллар талап кылышкан.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги М.А. жана У.Д.га аталган сумманы берүүгө мажбур болушкан», — деп айтылат маалыматта.

М.А. жана У.Д. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Кармалгандардын бири – активист Мелис Аспеков экени айтылууда. Шектүүлөрдү кармаган учурдагы видео социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Количество просмотров: 8579