• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акча опузалаган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

18 Жалган куран 2024 17:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жергиликтүү тургундан опузалап акча алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылып жаткан 1990-жылы туулган С.А. аттуу жаранды кармашты. Кармалган жаран уюшкан кылмыштын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Шектүү 16-мартта Бишкек шаарында ыкчам-издөө иш-чаралары учурунда кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын КЖКнин 208-беренесинде (опузалап талап кылуу) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө болгон.

«Тергөөнүн маалыматы боюнча окуя , 33 жаштагы С.А. 2024-жылдын январь айынан бери Бишкек шаарынын тургунунан акча талап кылган. Ал жабырлануучунун карызы жөнүндө билип алып, үйүнө келип, физикалык кысым көрсөтүп, карызды эскертип, коркутуп акча талап кылып баштаган. Ошентип опузалап жатып 65 000 сом акча каражатын алган. Бирок опузалап акча алууну токтотпой дагы 100 000 сом өлчөмүндөгү акча талап кылып, 30 000 сом акчаны алып жатканда кармалган. Ал 30 000 сом алуу үчүн тааныш адамын жиберип, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Количество просмотров: 896