• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акчалай операцияларды сом менен жүргүзүүгө милдеттендирүү сунушталууда

3 Теке 2023 15:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ парламенттин сайтына жарыяланды.

Долбоорго ылайык, улуттук банкнотторду чет өлкөлөрдө басып чыгарууга тыюу салынат. Азыр мындай тыюу жок жана улуттук валюта Франция менен Улуу Британияда басылып чыгат. Мурдараак президент Садыр Жапаров жакын арада Кыргызстан «Учкун» мамлекеттик басмаканасынын базасында банкнотторду өз алдынча басып чыгара баштарын билдирген.

Долбоордо «сомдун» макамын күчөтүү, өлкө ичинде сооданы улуттук акча бирдиги менен гана жүргүзүү, ал эми экспорт жана импорт менен алектенген экономикалык субъектилерге чет өлкөлүк валюталарды колдонууга уруксат берүү каралган.

Кыргыз бийлиги 2016-жылы каржы системасын де-долларизациялоо багытын жарыялаган. Ал кезде өлкөдө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү милдеттүү түрдө улуттук валюта – сом менен гана жүргүзүү жөнүндө мыйзам кабыл алынып, буга чейин товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын чет элдик валютада көрсөтүүгө тыюу салынган. Бирок жеке бизнес чөйрөсүндө эсептешүүлөр дагы деле сом менен да, доллар жана евро менен да жүргүзүлүп келет.

Количество просмотров: 80