• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акчаны тытып, шкаф артына ыргытып…

20 Баш оона 202412:58 Бишкек Govori.TV

Ноокат райондук соту пара талап кылууга шектелген Ноокат РИИБнин тергөөчүсүнө 1 млн. сом айып пул салган чечим чыгарды.

2024-жылдын май айынын аяк ченинде 26 жаштагы Т.У.Т. аттуу Ноокат районунун тергөөчүсү козголгон кылмыш ишин жокко чыгаруу боюнча 30 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталган.
Ушул жылдын 25-майында милиция кызматкери өзүнүн кызматтык иш бөлмөсүнөн 10 миң сом пара алып жатканда кармалган.

Маалыматка ылайык, тергөөчү табылган далилдерди тытып, жок кылууга аракет кылган. Ушундан кийин кылмышка шектелген милиция кызматкери эс учун жоготкон. Окуя болгон жерге Ноокат райондук «тез жардам» кызматы келип, ал райондун ооруканасына жиберилген.

Иштин чоо-жайына кайрылсак, шектүү тергөөчүгө Талант аттуу райондун тургуну кайрылып, таанышы 1 млн. 200 миң сом акчасын алып, кайра кайтарбай жатканын айткан. Бул факты ички иштер бөлүмүнүн каттоосуна алынып, Тимур аттуу тергөөчү бул иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзө баштаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө З.М. аттуу жаранга карата арыз жазылган. З.М. акчаны кайтарып берүү үчүн 10 күндүк мөөнөт берүүнү суранган. Бирок тергөөчү өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, З.М. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, акча талап кылган.

Ошентип, З.М. 2024-жылдын 18-майында өзүнүн досу Ж.Ж. аркылуу шектүү тергөөчүнүн электрондук капчыгына 18 миң сом которгон. 25-майда тергөөчүгө дагы 10 миң сомду кеңсесине алып келип берген. Ошол учурда УКМК кызматкерлери тергөөчүнү кармашкан. Тергөөчү акчаны тытып, калганын шкафтын артына ыргытып жиберген.
Тергөөнүн жүрүшүндө РИИБдин тергөөчүсү 18 миң 800 сом кайтарып берип, ошондой эле тергөө органдары менен келишим түзүп, күнөөсүн моюнга алуу келишимине кол койгон.

Количество просмотров: 249