• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акимдер менен айыл өкмөт башчылары электрондук документ жүгүртүү системасында иштөө боюнча окуудан өтүштү

28 Чын куран 202218:03 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жана айыл өкмөт башчыларын «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөгө окутуу аяктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25-27-апрелге чейин өткөн окууга жалпысынан 492 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катышып, тренинг облустук жогорку окуу жайлардын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында бардык аймактарда бир эле учурда өткөрүлдү. 

Окуунун жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук документ жүгүртүү боюнча автоматтык маалымат системасында иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышты. 

Теги:
Количество просмотров: 271