• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аккредитациялоону автоматташтыруу пилоттук режимде киргизилет

2 Аяк оона 2022 18:35 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 5-сентябрынан тарта Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасын (АСУЛА) пилоттук режимде ишке киргизет. Бул тууралуу онлайн конференцияда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, мурдагыдай министрликке келип кагаздарды тапшыруу талап кылынбайт. Баардыгы электрондук форматта гана болот.

Онлайн конференцияга райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/ башкармалыктарынын жетекчилери, райондук билим берүү уюмдарынын аккредитациялоо боюнча адистери жана мектеп директорлору катышты.

Катышуучуларга “ИВТ Лаб” ЖЧКнын кызматкери Айбек Шакитов автоматташтырылган система аркылуу аккредитациядан өтүүнүн жол-жобосу тууралуу атайын баяндама жасады.

Аккредитациялоо секторунун башчысы Бактыгүл Акулова бул система билим берүү уюмдарын жана программаларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо процесстерин санариптештирүүнүн алкагында иштелип чыкканын белгиледи.

“Арыз берүү үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси (директору) булуттуу санарип кол тамга алып, аккредитациялануучу уюмду системага каттайт. Андан кийин өзүн-өзү баалоонун материалдарын системага киргизет. Ал эми аккредитациялоодон өтүүгө арыз автоматтык түрдө иштелип чыгат. Системадан арызды жөнөтүү баскычын басуу менен документ Билим берүү жана илим министрлигине келип түшөт”, — деди Бактыгүл Акулова.

Билим берүү уюмдары аккредитациядан өтүү үчүн арызды www.asula.edu.gov.kg аркылуу электрондук түрдө жөнөтө алышат.

Бул система аккредитациялоо ишинде объективдүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыздоого, коррупциялык тобокелчиликтерди төмөндөтүүгө багытталган.

Количество просмотров: 189