Өзбекстандын машыктыруучусу Акмал Хасанов кантип Мунарбекке секундант болуп калганы боюнча айтып бериптир.
Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Данияр аке биздин башкы машыктыруучубуз Толкун Кылычовдон суранган экен.
Машыктыруучулар арасында эң жашы мен болгондуктан мени сунушташты. Мунарбекке секундант бол деген сунушту кубануу менен кабыл алдым. Данияр аке менен мамилебиз жакшы болду…Ошентип Кыргызстанга жардам берип, Мунарбекке секунддант болуп калдым.

Мен чын жүрөктөн жардам бердим. Үч баскычты басып өттүк, 3 атаандашты утуп, финалга жеткирдик.
Кыргызстандык туугандар соцсеттерде мага ырахмат айтып ыраазы болуп жатканын көрүп, кубандым ыраазы болуп жатам...