• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акмал Хасанов жердешине да, жан дүйнөсүнө жакын болуп калган Мунарбекке да жан тартат

9 Баш оона 202422:03 Бишкек Govori.TV

Журналист, котормочу Абдумомун Мамараимов фейзбуктагы баракчасына Мунарбекке жардам берген өзбек секунданты Акмал Хасанов боюнча пикирин жазды.

Албетте, финалда Акмал Хасанов жердешине жан тартат, бирок жанынын бир бөлүгү менен жан дүйнөсү жакын болуп калган Мунарбекке да жан тартат деп ишенем.


Кыргызстан менен Өзбекстандын кинорежиссерлору Мунарбектин, анын машыктыруучусу Беганас Султанбаев жана Акмал Хасановдун окуясы тууралуу тасма тартса, абдан таасирдүү болуп, чыгармачылык картинасы укмуш ачылган кино болмок.


Сценарий дээрлик даяр, даректүү тасмалар жетиштүү, бирок бул окуянын канчалык кызыктуу көз ирмемдери бар экенин дагы деле билбейбиз…

Количество просмотров: 582