• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Информатика боюнча эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен окуучулар сыйланды

17 Аяк оона 202414:17 Бишкек Govori.TV

17-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева информатика боюнча эл аралык олимпиадада 2 күмүш, 1 коло медаль жана 1 ардак грамота алган окуучуларды сыйлады.

Министр окуучуларга ноутбук, планшет жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Кыргызстандык окуучулар 1-8-сентябрда Египетте өткөн информатика боюнча эл аралык олимпиадада 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлешти.

“Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байтөрө Майрамбеков коло медаль, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамота алды.

Количество просмотров: 84