Буга чейин маалымат каражаттарында «Бишкектеги СЭЗде иштеген 2 Кытай жаранынын дене табы көтөрүлүп, ызы-чуу түшүп ооруканага алып кетишти», – деген кабар жазылган. Ал эми аталган «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясы бул тууралуу маалымат берип, «Бишкек» ЭЭАдагы баардык Кытай жарандары дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөндүгүн жана алардын дени сак экенин билдиришти.
Саламаттык сактоо борборунун башчысы Кубатбек Акматбековдун айтымында, бүгүнкү күнгө чейин «Бишкек» ЭЭАда эч бир Кытай жараны ооругандагы тууралуу факт катталган эмес.
«Кечээки тараган маалыматты ким таратканын териштирүү максатында тиешелүү органдарга кат менен кайрылдык. Ушул жылдын февраль айынын 7-28 аралыгында Кытайдан 45 адам кайтып келишкен. 10-февралдан 25-февралга чейин 32 Кытай жараны Акчий аймагында атайы жайда карантинге алынып, эч кандай оорунун белгилери аныкталбагандан кийин, республикалык штаб тарабынан түзүлгөн врачтардын кароосунун жыйынтыгы менен чыгарылган. Бүгүнкү күндө 11 адам Акчий аймагында атайы жайда карантинде. Ушул эле учурда 2 адам Бишкекте жашаган жеринде тиешелүү поликлиникада каттоого туруп көзөмөлдө», — деди ал.