• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акматов: Мына ушундай соттор менен бизди дүйнө жүзүнө «мокочо» көрсөтүп жатышат

12 Бештин айы 2022 15:26 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматовдун камактагы мөөнөтү узартылып, ал 20-февралга чейин абакта калды.

Мындай чечимди бүгүн, 12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Акматов эки айдан бери бир-эки жолу гана суралганын айтып, мыйзамсыз кармалып жатканын билдирди.

«Эч кандай кылмыш, күнөө жок. Жыйналыш өткөрүүгө тыюу салынган эмес. Мына ушундай соттор менен бизди дүйнө жүзүнө «мокочо» көрсөтүп жатышат»,-деди Акматов.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалган 30га жакын саясатчы, активисттердин бөгөт чарасы каралып жатат. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

24-25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы жана активисттердин соту болуп, 20-декабрга чейин камакка алынган. Кийин шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кармалгандардын маселеси Элдик курултайда да көтөрүлүп, шектүүлөрдүн айрымдарын үй камагына чыгаруу сунушу резолюцияга киргизилген.

Количество просмотров: 300