• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Акматова: Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөнөт 

3 Бугу 2020 11:04 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуктуруп каза тапкан дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүн 1 миллион сом конпенсация төлөнөт. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

«Каражат тууралуу кеп кылуу кыйын болуп турат. Бирок айта кетсем, каза тапкан кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү боюнча документтер дайындалып жатат», — деп билдирди Акматова.

Эске салсак, кечээ, 2-май күнү коронавирус жуктуруп алган дарыгер көз жумган. Ал Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенип келген.

Количество просмотров: 311