• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аксакалдар урушуп, бычак сайышты

18 Бештин айы 201813:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.12.2018. Govori.TV

Чуй облусунда эки пенсионер уруша кетип, бири экинчисин бычактап койгон. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Ушул жылдын 11-декабрь күнү Панфилов аймактык ооруканасына бир нече жерине бычак жеген оор абалдагы карыя келип түшкөн. Окуя боюнча милиция кызматкерлерине маалымат берилген. Жарадар болгон адам эс учун жоготуп койгондуктан, окуянын чоо-жайын убагында иликтөөгө мүмкүн болгон эмес.


Кийинчерээк, жабырлануучу 1942-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну А.А. экендиги анык болгон. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, Чүй облусунун тургуну, 1949-жылы туулган З.Ш. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалды.


Шектүүгө карата атайылап денеге залал келтирүү фактысы боюнач кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 77