11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири 9 баланын апасы, 8 неберенин чоң энеси, айылдык кеңешинин депутаты, жеке ишкер Ноокаттан келген Аксана Байматова болду.
Ал “Кыйындан” алган билим мындан чоң тепкичтерге чыгууга жардам берет деген ишенимин айтты.