Кыргызстандын бийлиги элдердин кыймылына болушунча чектөө салуу менен коронавируска каршы күрөшүүгө жакшы аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн онлайн конференцияда Орто Азия боюнча аймактык бирикменин директору Даниэль Сингер билдирди.
Анын айтымында кыргыз бийлиги жасаган кадамдарынан улам бул илдет күч алган жок.
Белгилей кетсек, АКШнын ооруларды жайылышын алдын алуу борборлору Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө көмөк катары 1,38 доллар өлчөмүндөгү каражат бөлдү.
Онлайн конференциянын катышуучусу Саламаттык сактоо министри бөлүнгөн каражат толук бойдон медицина тармагына жумшалаарын билдирди.
«Даниэль Сингер мырза билдиргендей бөлүнгөн каражат медицина тармагын техникалык жактан колдоо жана ошол эле учурда медиктердин кесипкөйлүгүн өөрчүтүүгө жумшалат. Коронавирус илдетин иликтөө үчүн керектүү каражаттарды алуунун үстүндө иш жүрөт. Убакыттан пайдаланып ыраазычылыгымды билдирип кетейин», — деди Сабиржан Абдикаримов.