• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

АКШ элчилиги тарабынан өткөрүлүп келген англис тили курстары убактылуу токтоду

27 Үчтүн айы 202514:54 Бишкек Govori.TV

АКШ тышкы жардам программаларынын дээрлик бардыгын 90 күнгө токтотуу чечимин кабыл алган.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун бардык дипломатиялык жана консулдук мекемелерге жөнөтүлгөн көрсөтмөсүндө департаменттин кызматкерлерине “бардык тышкы гранттык жардамдар боюнча жумушту токтотуу» жөнүндө жазылган.

Программаларды андан ары улантуу, өзгөртүү же токтотуу чечими мамлекеттик катчы жеке өзү карап текшергенден кийин кабыл алынары белгиленген.

Мындан улам Кыргызстандагы АКШ элчилигинин колдоосу менен уюштуруп келген жаш кесипкөй адистер үчүн англис тилин үйрөтүү курстары да убактылуу топтоду.

Белгилей кетсек, аталган курста бир нече жылдан бери мамлекеттик жана башка кызматкерлер англис тилин бекер окуп, билим алып келишет.

Количество просмотров: 244