• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

АКШ Хашоггинин өлүмү боюнча саудиялык 17 жаранга санкция киргизди

16 Жетинин айы 2018 11:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.11.2018.Govori.TV.
АКШ журналист Жамаль Хашоггинин өлүмү боюнча Сауд Арабиясынын 17 жаранына каршы каржылык санкция киргизди.
Санкцияга кабылгандардын арасында Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулу, чалгын кызматынын полковниги, ошондой эле мураскер ханзаада Мухаммед ибн Салмандын мурдагы кеңешчиси бар. АКШнын Каржы министрлиги бул адамдарды Хашоггини жок кылуу боюнча «ыкчам топтун» мүчөлөрү деп атады.
59 жаштагы Хашогжи 2017-жылдан бери АКШда жашап, Саудиянын мураскер ханзадасын кескин сынга алып келген. Ал 2-октябрда Сауд Арабиясынын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна документтерин тууралоо максатында кирип кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Бир нече жумадан кийин Эр-Рияд журналист өлтүрүлгөнүн моюнуна алган.
Бүгүн саудиялык прокурор Хашоггини өлтүрүү буйругун аны мекенине кайтаруу үчүн Стамбулга барган сүйлөшүү тобунун башчысы бергенин билдирди. Прокурор бул иш боюнча камакка алынган 11 адамга айып тагылганын белгиледи. Ошол эле маалда Эр-Рияд кылмышка өлкөнүн жогорку жетекчилигинин тиешеси бар экенин четке кагууда.
Батыш өлкөлөрү менен Түркиянын атайын кызматы бул версия менен макул эмес. Алар Хашоггини өлтүрүүгө буюртма бергендер мураскер ханзаада Салман менен байланышы болушу мүмкүн деп шектенишүүдө.
Количество просмотров: 32