• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

АКШ Индияга 3 миллиард долларга аскердик техника сатат

26 Бирдин айы 2020 9:12 Бишкек Govori.TV

АКШ Индияга 3 миллиард долларга аскердик техника сатат. Бул тууралуу Делидеги басма сөз жыйынында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирди.

Трамп эки өлкө коопсуздук жана киберкоопсуздук тармагындагы кызматташтыкты кеңейтип жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, тараптар мындан тышкары ири соода келишиминин үстүнөн да иштеп жатышат. Ага жыл аягында кол коюлат деп күтүлүүдө.

Февралдын башында Орусия Индия үчүн С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин өндүрө баштаганын билдирген. Тараптар беш миллиард долларлык келишимге 2018-жылдын аягында кол коюшкан. Анда Вашингтон Орусиядан курал-жарак сатып алгандыгы үчүн Делиге санкция киргизилиши мүмкүндүгүн билдирген. Бирок жыйынтыгында эч кандай чектөө болгон жок.

Дональд Трамптын Индияга сапары эки күнгө созулду. Бул Трамптын президент катары бул өлкөгө жасаган алгачкы сапары болду.

Количество просмотров: 58