• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

АКШ Камчыбек Көлбаевдин кармалышын кубаттады

23 Тогуздун айы 2020 13:39 Бишкек Govori.TV

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын уюшкан кылмыш чөйрөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевди кармоо аракетин кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «Твиттерде» маалымдады.

«Көлбаевдин кылмыштуу тармагы — бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган «Brothers’ Circle» эл аралык кылмыштуу уюмунун бөлүгү. Көлбаев АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча департаментинин (OFAC) № 13581 Аткаруучу буйругунун негизинде 2012-жылдын февраль айында «Brothers’ Circle» үчүн же анын атынан иш алып барат деп таанылган», деп жазылган билдирүүдө.​

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, ал боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 249-беренесинин биринчи бөлүгүнүн («Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу») негизинде каттоого алынды.

46 жаштагы Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

Количество просмотров: 82