• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

АКШ Өкмөтү Өзгөндөгү Караханид доорундагы күмбөздүн чатырын калыбына келтирди

28 Тогуздун айы 2019 11:07 Бишкек Govori.TV

29-октябрь, 2019-жыл (Бишкек, Кыргыз Республикасы) – АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министирлигинин, Ош облусунун администрациясынын, жана Сулайман Тоо улуттук тарых жана археологиялык музей комплексинин өкүлдөрү менен биргеликте 2019-жылдын 29-октябрында саат 11:00дөн 13:00гө чейин XII кылымдын Караханий дооруна таандык күмбөзүнүн чатырынын калыбына келтирүү иштеринин аяктоосун билдирет.

АКШ Элчилеринин маданий мурастарды сактоо фондунун (ЭМСФ) 150,000 доллар өлчөмүндө каржылоосу менен Аида Алымова жетектеген Музей демилгелер борбору коомдук бирикме Америкалык тарыхий сактоочу адис, Тарыхий жана көркөм чыгармаларды коргоо боюнча Америкалык институтунун кесиптик мүчөсү Вильям Ремсендин жетектөөсү менен калыбына келтирүү долбоору 2015-жылдын сентябрында башталган. АКШ элчилиги чатырды АКШдан алып келинген курулуш каражаттары менен камсыздаган.

АКШнын Мамлекеттик Департаменти Элчилеринин маданий мурастарды сактоо фондун (ЭМСФ) 2000-жылы адамзаттын жалпы маданий мурастарын белгилөө жана өлкөлөр жана элдерди биримдикке келтирүү үчүн негиздеген. ЭМСФ аркылуу АКШ Мамлекеттик Департаменти жыл сайын дүйнө жүзү боюнча уникалдуу маданий мурас болгон эстеликтерди коргоо боюнча бир нече долбоорлорду каржылайт.

Жакында аяктаган Өзгөн күмбөзүнүн чатырын өз калыбына келтирүү долбоору Кыргыз Республикасындагы биринчи долбоор эмес. Биринчи долбоорго 2002-жылы Жалалабат облусундагы XI кылымдагы Шах Фазиль күмбөзүн өз калыбына келтирүү үчүн АКШ Элчилиги 24,000 доллар грант аркылуу колдоо көрсөткөн. 2006-жылы АКШ Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин 2000 заттан турган уникалдуу алтын чогултулмасын өтө зарыл болгон коргоо жана калыбына келтирүү иштерине 51,000 долларлык салымын кошкон, бул долбоор аркылуу алтын коллекция биринчи жолу коомчулукка көрсөтүлүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

2009-жылы ЭМСФ Кыргыз-Орус Славян университетинин археологиялык жана этнологиялык коллекциясын сактоо долбоорун колдогон.

2008-жылы ЭМСФ Кыргыз улуттук китепканасынын, Ыссык Көл облустук китепканасынын, жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук университетинин китепканаларында болгон тандалган уникалдуу байыркы китептерди өз калыбына келтирүү долбоорун колдогон.

Количество просмотров: 96