• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

АКШ коронавирусту алдын алуу максатында Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

21 Бирдин айы 2020 15:56 Бишкек Govori.TV

АКШ коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, аталган илдеттин жайылышына бөгөт кое турган медициналык каражаттар жиберилет.

«Кыргызстанга бир жолу колдонуучу беткап, колкап, көз айнек, чатыр жана зыянсыздандыруучу каражаттар келүүсү күтүлүүдө. Учурда гумжардамдын жиберүү убактысы талкууланууда», — деди Абдрахманов.

Количество просмотров: 607