• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

АКШ кыргыз элин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

5 Тогуздун айы 2020 19:45 Бишкек Govori.TV

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын калкын, жакында өткөн парламенттик шайлоо учурунда өз добуштарын бергендиги менен куттуктайт.

Куттуктоонун тексти:

Биз ошондой эле, Жогорку Кеңешти, Ички иштер министрлигин, Саламаттык сактоо министрлигин, жана көптөгөн мамлекеттик жана бейөкмөт топторду COVID-19 пандемиясы учурундагы шайлоону уюштурууга байланыштуу кыйынчылыктарга карабастан Борбордук Шайлоо Комиссиясынын (БШК) коопсуз шайлоо процессин уюштурууга багытталган аракеттерин колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.  

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) байкоочу миссиясынын алдын ала билдирүүлөрүнө жана “Жалпы иш” бейөкмөт уюмунун жергиликтүү байкоочуларынын маалыматына караганда, шайлоо өнөктүгү жалпысынан эффективдүү, жакшы уюшулган, жана тынч өткөн. 

ДИАУБ/УККУ байкоочу миссиясы жана “Жалпы иш” мындан тышкары, №2 формасын (496,239 кыргыз атуулу катталган аймактан тышкары добуш берген) добуш берүүдө кыянаттык менен колдонуу, жана добуш сатып алуу боюнча ишенимдүү айыптоолорго байланыштуу өз тынчсызданууларын белгилешет. Айрым жарандык коом уюмдары, эл аралык байкоочулар, жана саясий партиялар, анын ичинде кийинки парламент курамы кирүүсү мүмкүн болгон партиялар, демократиялык шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр тууралуу тынчсызданууларын билдиришкен. Биз Кыргыз бийлигин шайлоодо орун алышы мүмкүн болгон бул бузууларды иликтөөгө, жана келечекте мындай бузууларды болтурбоо үчүн ДИАУБ/УККУ кеңеш кылган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чакырабыз. 

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эли, жана жаңы парламент менен, биздин жалпы демократиялык баалуулуктарыбызды өркүндөтүү, жана бакубат жашоо жана коопсуздугубуз үчүн өнөктөштүктү улантаарына үмүт артат. 

Количество просмотров: 44