• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

АКШ Лавровго виза берүү жараянын создуктурууда

14 Чын куран 2023 17:54 Бишкек Govori.TV

Кошмо Штаттар БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Орусияны тышкы иштер министри Сергей Лавров баштаган орус делегациясына виза бербей жатат. Бул тууралуу Орусиянын АКШдагы элчилиги билдирди.

Орусия 1-апрелде Коопсуздук кеңешине төрагалык кылат. 24-25-апрелде Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүшү керек болчу.

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов орус делегация мүчөлөрүнө виза берүү үчүн АКШнын элчилигине марттын аягында эле өтүнмө берилгенин, бирок азыркыга чейин уруксат бериле электигин айтты. Анын билдиришинче, иш-чарага бир нече күн калганына карабай, кандайдыр бир чечим жок. Ал Вашингтонду орус делегациясына жана журналисттерге виза берүүгө үндөдү.

Дипломат Лавровдун атайын бортунун айланасында да түшүнүксүз жагдай жаралганын кошумчалады.

“АКШ бийлиги учактын келишине макулдук бере элек. Америкалыктар аба кемесинин эч кандай шартсыз жана чектөөсүз учушуна уруксат берерин күтүп жатабыз”, – деди Антонов.

Орусия Украинага толук масштабдуу кол салгандан кийин ЕБ орус учактары үчүн аба мейкиндигин жапкан. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Орусияга таандык, Орусияда катталган же Орусия көзөмөлдөгөн учактар ЕБ аймагынан учуп өтө албай турганын биллирген. АКШ да ушундай эле чечим кабыл алган.

Количество просмотров: 61