• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«АКШ президентинин сүйүктүү түсүндөй…». Депутат мэрдин галстугуна терикти

22 Үчтүн айы 202512:47 Бишкек Govori.TV

«Айбек Жанышбекович, өзүңүздүн креслоңузду канчалык баалайсыз?, бүгүн болсо АКШ президентинин сүйүктүү түсүндөгү галстук тагып келипсиз». Мындай пикири менен бүгүн ЖКнын жыйынында депутат Гуля Кожокулова Бишкек мэри Айбек Жунушалиевге кайрылды.

Депутат өз сөзүндө, жол тыгын, башаламан курулуштар, экология көйгөлөрү, толтура экенин жана алардын бир дагы чечимин көрбөй жатканын айтты.

Депутатка жооп берген мэр Жунушалиев анын галстугунун түсү ишине тиешеси жоктугун айтып, ал аталган маселелер боюнча иш кылынып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 367