• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекке аймактардан келген унааларга төлөм киргизүүнү сунушталууда

23 Теке 202413:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын азайтуу максатында борбор
калаага аймактардан келген унааларга төлөм киргизүүнү сунуштоодо. Токтомдун
долбоору коомдук талкууга коюлду.
Алгач долбоорду 6 ай сынап көрүү сунушталууда.
Ага ылайык:
– Бишкек шаарынын аймагына шаардан тышкаркы автотранспорттун кириши үчүн
жыйым;
– жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо үчүн жыйым;
– туристтик жыйым киргизүү сунушталууда.
Мэрия эгер аталган пилоттук долбоор натыйжалуу ишке ашса тийиштүү ченемдик
укуктук актылардын долбоорлору Минкабдын кароосуна киргизилерин белгилейт.

Количество просмотров: 156