Бишкек мэри шаардагы унаалар маселесин кантип чече тургандыгын Жогорку Кеңештин депутаттарына бүгүн айтып берди.
Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, жыл башында мэрия бир катар чараларды көрүү боюнча концепция иштеп чыккан. Ошондой чаралардын бири — көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу. Мындай долбоорлорду ишке ашырууга даяр бизнесмендерге аукцион өткөрбөй эле жер тилкелерин берилүүсү пландалууда.
Ошондой эле мэр жаңы унаа токтотуучу жайлар бизнес борборлорду жана көп кабаттуу үйлөрдү курууда милдеттүү элемент болорун белгиледи. Ал буга чейин долбоорлордогу унаа токтотуучу жайлардын ордуна бутиктер жана соода борборлору пайда болуп келгенин айтты.
Кошумчалай кетсек, Бишкектин эң кымбат бааланган борборундагы унаа токтотуучу жайларды өзгөртүү пландалууда. Мисалы, унаа токтотуунун тарифтери дагы кымбаттап, унаа канчалык узакка токтотулса, аны токтотуу наркы ошончо кымбаттай тургандыгы айтылды.