Америка былтыр Кыргызстанды КМШдагы Россияга жардам бере турган, экономикалык жактан көз каранды мамлекеттердин катарына кошуп, атайын тизмеге киргизген.
Евробиримдик болсо Орусияга Батыш киргизген санкцияларды кыйгап өтүүсүнө көмөктөшкөнү үчүн Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө чектөө киргизиши ыктымалдыгын айтып чыкты. Алардын арасында Кыргызстан бар.
Евробиримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товарларды сатуу 300%га чейин өскөнүн белгиленди.
Эми АКШ Кыргызстанга санкция киргизе турган болсо, өлкөгө кандай таасирин тийгизет? Бул маселеде өлкөнүн тышкы саясаты кандай болушу керектигин Жогорку Кеңештин депутаттарынан сурап көрдүк. Толугу менен төмөнкү жактан көрүңүз: