• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

АКШда алты штатта жеңүүчү аныктала элек

5 Жетинин айы 2020 10:34 Бишкек Govori.TV

АКШда 44 штатта президенттик шайлоонун жеңүүчүсү дээрлик аныкталды. Алты штатта атаандаштык уланууда, анын жыйынтыгы менен ким марага биринчи келери белгилүү болот.

Аризона, Мичиган жана Невадада демократиялык партиядан талапкер Жо Байден АКШнын азыркы президентинен бираз озууда.

Дональд Трамп Түндүк Каролина, Жоржия жана Пенсильванияда алдыда. Бул штаттарда ал 2016-жылы да жеңишке жеткен. Ошол эле маалда Пенсильвания 1992-жылдан баштап салтуу түрдө демократтарда добуш берип келген.

Өткөн президенттик шайлоодо Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон бул алты штаттын ичинен эки пайыз үстөмдүк менен Невадада гана алдыга чыккан.

Шаршембиде америкалык басылмалар Байден Висконсин штатында да лидер аталганын жазышты. Трамптын командасы бул штатта добуштарды кайра саноону талап кыларын билдирди.

Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270не ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

Азыркы президент, Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп 2016-жылы жеңген Мичиган жана Вискосин штаттары бул жолу Байденди колдоп, ал, ушу сааттарга карата шайлоочулар коллегиясынын 253 добушун топтой алганы маалым болууда.

Количество просмотров: 49