АКШда эки кыргызстандык жигит жол кырсыктан каза болду. Бул тууралуу маалыматты КР Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кырсык 3-мартта Филадельфия шаарында болгон. Үч унаа кагышып, 20 жана 21 жаштагы эки жигит көз жумган.
«Каза болгон кыргыз жарандарынын өздүгү аныкталды. Алар 2003-жылы туулган Е.Т. жана 2022-жылы туулган Б.А. болгон. Учурда алардын туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлүүдө»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда Кыргызстандын элчилиги тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.