АКШнын Мэн штатындагы Льюстон шаарында куралчан адамдын кол салуусунан кеминде 22 адам мерт болуп, 50дөн ашык тургун жараат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдоодо.
Маалыматка ылайык, ок атылганы тууралуу полицияга Schemengees ресторанынан жана Sparetime Recreation болуниг-холлдон маалымат түшкөн. Эки жайдын ортосундагы аралык 6,5 чакырымды түзөт жана машина менен 10 мүнөттө жетсе болот.
Ок чыгарган адам кармала элек. Полиция кылмышка шектүүнүн тек-жайы такталганын, ал 40 жаштагы Роберт Кард экенин билдирип, анын курал кармап турган сүрөтүн жарыялады.