АКШда кыргыз жараны полиция кызматкерлеринин колунан каза тапты. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.
Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Кыргызстандын 1993-жылы туулган жараны М.Н. каза болгону тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, Пенсильвания штатынын полиция кызматкерлери 5-октябрда М.Н.га бир нече жолу ок чыгарышкан.
«Маркумдун жакындары М.Н.нын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүнү пландап жатышат. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги окуянын чоо-жайын билүү үчүн АКШнын Мамлекеттик департаментине жана Ички коопсуздук министрлигине кайрылды. Учурда жооп күтүүдө»,-деп айтылат маалыматта.