• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

АКШда Өзбекстандан барган тургун мурдагы аялын өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйды

19 Жалган куран 2024 15:26 Бишкек Govori.TV

АКШда Өзбекстандан барган тургун мурдагы аялын атып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйды. Бул тууралуу The Philadelphia Inquirer басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 17-март күнү кечке жакын Филадельфиянын жака белиндеги Монтгомери округунда жашаган 44 жаштагы Аллаберг аттуу тургун 43 жаштагы мурдагы аялы Дурдона Султанованы атып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган. Коңшуларынын чакыруусу менен барган полиция кызматкерлери экөөнүн сөөгүн үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн табышкан.

Султанова төшүнө жана башына атылган октон каза болгон. Аллаберг өзүн башка атып өлгөн.

Райондук сот бул окуяны расмий түрдө адам өлтүрүү деп таап, тиешелүү берене менен кылмыш иши козголду.

Маалыматтар боюнча, маркум Дурдона Султанова Ташкенттеги Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетин аяктап, Жапонияда магистратурада окуган. Кийин үй-бүлөсү менен АКШга көчүп барган. Мурдагы жубайлардын артында эки уулу калды.

Теги:
Количество просмотров: 225