• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

АКШда жүк унаасын айдап бараткан тажик жаранына ок атылып, ал каза болду

19 Кулжа 2023 9:23 Бишкек Govori.TV

АКШда жүк унаасын айдап иштеген 37 жаштагы тажикстандык Ильхом Шодиевге ок атылып, ал 16-июнда ооруканада каза болду.

Полициянын маалыматына караганда, Шодиев 15-июнда Amazon компаниясынын товарларын ташып баратканда ага жеңил автоунаанын айдоочусу ок аткан. Жыйынтыгында ал рулду башкара албай, жол жээгинде токтоп турган эки унаага, андан соң имаратка барып сүзүлгөн. Шодиев оор абалда ооруканага жеткирилген.

Маркумдун АКШда жашаган жээни Анвар Курбонов азырынча полиция ок атуунун себебин аныктай электигин билдирди.

«Шектүүлөр кармала элек болгондуктан, полиция иштин чоо-жайын билдирген жок. Бизге окуянын ыктымал эки версиясын айтышты. Биринчисине ылайык, жеңил унаанын айдоочусу Шодиевди башка адамга алмаштырып ок чыгарган болушу мүмкүн. Экинчи версия боюнча жолдо аны менен Шодиевдин ортосунда пикир келишпестик чыккан болушу ыктымал», – деп билдирген Курбонов.

Анын айтымында, октун бири Шодиевдин сол колуна, экинчиси башына тийген. Азырынча анын сөөгү жакындарына бериле элек.

Грин-карта утуп алган Ильхом Шодиев АКШга 2018-жылы барып, жүк унаасын айдап иштеп жүргөн. Анын артында жубайы жана эрезеге жете элек эки баласы калды.

Количество просмотров: 206