• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

АКШда жол кырсыгынан 25 жаштагы кыргыз жараны каза болду

17 Жалган куран 202513:28 Бишкек Govori.TV

Америкада Кыргызстандын 25 жаштагы жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, АКШнын Канзас штатында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу I-70 трассасында Гудленд жана Колби шаарларынын ортосунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2000-жылы туулган Кыргызстандын жараны Ш.Б. каза болгон.

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маалымат түшкөн учурдан тартып жергиликтүү бийлик органдары, маркумдун жакындары менен туруктуу байланышта, ошондой эле сөөктү мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселелер иштелип чыгууда.

Количество просмотров: 219