• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

АКШдагы чыр. Айрым аймактарында коменданттык саат жарыяланды

31 Бугу 2020 13:42 Бишкек Govori.TV

АКШда 30-майда нааразылык акциялары кайра уланып, бийлик коопсуздук чараларын күчөттү. Миннесотанын губернатору Тим Уолз төрт суткадан бери абал тынчыбай жаткандыктан штаттын Улуттук гвардиясы толук мобилизация болгонун ишембиде жарыялады.

Ал афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин тутанып, АКШнын шаарларын каптаган протесттер эми анын окуясына гана байланыштуу болбостон, башка жактан келген “радикалдардын” чагымынан уланып жатканын билдирди. Кээ бир шаарларда коменданттык саат киргизилди.

Өлкө президенти Дональд Трамп Флойддун өлүмү “америкалыктардын үрөйүн учуруп, каарын келтирип, кайгыга батырганын” айтты. Ошону менен катар ал жаалданган топторду “талап-тоноочулар жана анархисттер” деп атап, жек көрүүчүлүк менен башаламандыкты жайылтпастан жараны айыктыруу керек экенин белгиледи.

Штаттын губернаторунун айтымында, башаламандык үчүн кармалгандардын 80% бул штаттын тургуну эмес экени аныкталды.

Ал эми Филадельфия штатында тынч башталган демонстрация башаламандыкка айланып, кеминде 13 полиция кызматкери жараат алды.

Солт-Лейк-Сити шаарында Юта штатынын губернатору полициянын машинасын өрттөп кетишкенден кийин Улуттук гвардияны тартууга мажбур болгонун айтты.

Сиэтл шаарында миңдеген адамдар борборго күндүз тынч акцияга чогулду, бирок кечинде күч колдонулганы маалымдалды.

Вашингтондо да нааразылык акциясына чыккандар Ак үйдү көздөй таш ыргыткандыктан Улуттук гвардия күзөткө чыкты.

Коменданттык саат Атлантада, Портлендде жана Лос-Анжелесте да жарыяланды.

Нааразылыкка 25-майда Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмү себепкер болду. Күбөлөр тарткан видеодо сары чийкил полиция кызматкерлери куралы жок Жорж Флойдду жерге жыгып, тизеси менен бир нече мүнөт мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд дем жетпей атканын улам кайталайт.

Окуяга катышы бар төрт полиция кызматкери жумуштан алынып, иш иликтене баштады.

Количество просмотров: 64