• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

АКШдан саясий башпаанек алган журналист Молдокадырова менен Ренат Самудинов видеоблог жүргүзөт

5 Теке 2018 12:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.07.2018. Govori.TV.
Жарандык активист Ренат Самудинов жубайы, журналист Элнура Молдокадырова менен АКШнын Чикаго шаарында экенин, расмий түрдө башпаанек алып, эми видеоблог жүргүзө башташты. Аны өзүлөрүнүн youtube каналына жайгаштырышты.
Бүгүн алар АКШ өлкөгө мыйзамсыз кирген иммигранттар кармала турчу жайдагы шарттар тууралуу видео кайрылуусунда айтып беришти.
Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчилиги жубайлар уруксат берүүчү документтери жоктугуна карабай, АКШнын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалганын маалымдаган. КСДПнын жаштар канатынын мурдагы жетекчиси, жарандык активист Ренат Самудинов менен жубайы Эльнура Молдокадырова 8 айдан бери АКШнын Калифорния штатынын Аделанто шаарындагы атайын кармоочу жайда жашаган.
Количество просмотров: 24