Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Америкага кетти. Бул тууралуу ал өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Кудайдын тагдырга жазган буйругу менен ошентип Америкага келдим. Кыргызстанда кесипкөй спортту өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдөбүз. Буюрса, кыргыздын таланттуу жаш спортчуларын Америкада дагы ийгиликтерди багындырууга көмөкчү болобуз… Бул жакта эмгектенип жүргөн ага-ини, достор жалпы эле мекендештерибиз менен да жолугушууларды пландап жатабыз. Ар бир штатка барууга аракет кылабыз. Кай жерде жүрсөк да динибизге, элге, мамлекетке кызмат кылуу негизги максатыбыз…», — деп жазды экс-депутат.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы өткөн жылы май айында Шайлообек Атазовду №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты деп таануу тууралуу чечимин жокко чыгарып, мандатын артка кайтарып алган.
Атазов коомчулукта камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду ачык колдогон адам катары таанымал. Ошондой эле Атазов чет өлкөдөн анын ичинеде АКШдан каржыланган бейөкмөт уюмдар жана ЖМКлар Кыргызстандын улуттук баалуулуктарына доо кетирип жатканын айтып, билдирүүлөрдү жасап келген.