Кечээ 8-декабрда АКШнын аскердик самолеттору Америкада террордук топ катары таанылган «Ислам мамлекетинин» 75 жайына бомба таштады.
Американын аскер командачылыгынын кабарында, «ИГИЛдин лидерлерине, согушкерлерине жана лагерлерине чабуул аларды жок кылуу жана аларга сырткы операцияларды жасоого жол бербөө үчүн» жасалганы айтылат.
Генерал Майкл Эрик Курилла «Биз Сириядагы абалдан ИГИЛ пайдаланып кетүүсүнө жол бербейбиз. Сириядагы бардык уюмдар эгер алар ИГИЛ менен кызматташа же кандайдыр бир жол менен колдой турган болсо, биз аларды жоопко тарта турганыбызды билиши керек», — деп билдирди.
АКШ аскер командачылыгы чабуулдан кийин келтирилген зыянды баалап жатышканын, тынч жашаган адамдар арасында эч кандай курмандыктар жок экенин кабарлады.
АКШ аскер командачылыгы башка союздаштар менен биргеликте Сириядагы азыркы катаал кырдаалга карабастан, ИГИЛдин потенциалын жок кылуу үчүн операцияларды уланта берерин кошумчалады.