Американын Флорида штатын каптаган катуу бороон «Милтон» басаңдап, биринчи категорияга түштү. Бул тууралуу бороондорго байкоо жүргүзүү боюнча улуттук борбор жергиликтүү басылмаларга кабарлады.
Аталган борбордун маалыматы боюнча, «Милтон» Флориданы катуу бороон катары эле каптап, бирок Атлантика океанынан чыгып кеткиче алсызданып калат.
Ушул бороон келет деп, буга чейин бул штаттан 5,5 млн. киши коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бороон биринчи каптай турган Тампа шаарынын мэри эгер көчпөсөңөр өлүп каласыңар деп, элге ачык айткан.
Кечээ бул бороон Флориданы каптап, бороондун ылдамдыгы саатына 252 чакырым болду.
Бороондун айынан эки адам өлүп, жүздөгөн үйлөр кыйраган.