«Милтон» бороону Американын Флорида штатына кыйроо алып келди. Бул аймактан 5 млн. адам эвакуация болду.
Эксперттердин айтымында бул бороон катуу келип, океан суусунун деңгээлин көтөрүп, суу жээктерди каптоо менен чоң зыян келтирет. Толкундар беш метрге чейин көтөрүлүп, бардык жээктерди суу ташкыны каптап, сел жүрөт.
«Милтон» бороону биринчи каптай турган Тампа шаарынын мэри эгер жашоочулар жашаган жеринен чыгып кетпесе, өлүмгө дуушар боло тургандыгын эскертти.
Бул бороон Флоридага жеткиче эле бороон-чапкынду катуу шамал жүрүп, торнада каптап, жүз миңдеген адамдар жарыксыз калган. Флорида штатында 500 миң үй жана имараттарда электр жарыгы өчүрүлгөн.
Флорида штатынын губернатору маалымат каражаттарына кабар берип, азырынча курман болгондор тууралуу маалымат жок экенин билдирди.
«Милтон» бороонунун кубаттуулугу үчүнчү ортоңку категорияда болгонуна карабастан, ал абдан коркунучтуу, себеби туруктуу катуу шамал саатына 193 чакырым болууда.
Адистер бороон бир аз басаңдаса да, океан жээктерининен толкундар көтөрүлүп, алардын бийиктиги төрт же беш метрге чейин жетип, бул калк жашаган аймактарды каптап, чоң зыян келтирерин кайра-кайра эскертип жатышат.