Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.
АКШнын мамлекеттик департаменти билдирүү таратып өз жарандарын Бишкектин четинде жайгашкан Кой-Таш айылына барбоого чакырды.
«Жергиликтүү басма сөз каражаттары Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Кой-Таш айылында адамдар топтолгондугун жазышууда. Кыргыз парламенти өткөн жума мурдагы ажону кол тийбестигинен ажыраткан мыйзамды кабыл алып, ага бир катар айыптоолорду тагышкан. Бул жагдай Кой-Ташта жарандык козголоңдун жаралышына түрткү болушу мүмкүн»,-деп жазылат маалытатта.
Ошондой эле адам көп жерлерден качууга жана акыркы жаңылыктардан кабардар болуу үчүн жергиликтүү ЖМКларды карап турууга чакырыктар ташталды.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажыраткан.
Мурдагы ажо Кой-Таштагы үйүндө «элдик штаб» түзүп, камоо үчүн келишсе атышууга даяр экендигин билдирген.