• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жапаровго кат жолдоду

7 Бирдин айы 2024 17:30 Бишкек Govori.TV

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоду. Бул тууралуу 7-февралда Аkipress агенттиги жазып, Блинкен Жапаровго 17-январда жолдогону маалымдалган.

Анда Блинкен парламентте каралып жаткан «Чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам долбооруна тынчсыздануу билдиргени айтылат.

«Силердин жарандык коомуңар — эң күчтүү, Кыргызстандагы демократиянын негизги бөлүгү. Эгерде чет элдик өкүл жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, өкмөттүк эмес уюмдарга түйшүк жаратуучу жаза киргизилет», — деген Блинкен Кыргызстан жарандарына АКШ менен эл аралык мекемелердин колдоосу менен ишке ашып жаткан бейөкмөт уюмдардын ден соолук жана билим берүү жааттарындагы программаларына катышууга коркунуч жараларын белгиледи.

Ал Кыргызстандагы айрым америкалык өнөктөштөр ишмердүүлүгүн токтотууну карап жатканын айтты.

«Биз мындай мыйзамдын кесепети кандай болорун башка өлкөлөрдө көрдүк. Эгерде мыйзам долбоору азыркы абалында кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар жарандарга аз кызмат көрсөтүп калышы мумкун», — деди Блинкен.

Ушул күнү аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмак, бирок бир күн мурун ал күтүүсүздөн күн тартибинен алынганын депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналында маалымдады.

Парламенттин басма сөз кызматы бул маселе эмне үчүн күн тартибинен алынганынын чоо-жайы тууралуу маалымат жоктугун билдирди.

23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жактырган.

Эске салсак, Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат.

Өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөдөн каржы алып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик өкүл” статусуна ээ болуп, атайын реестрге киргизилет. «Жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салган» аймактык тескөөчүлөрдү түзгөндүгү үчүн айып пул жана он жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жазасы сунушталган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти «бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү» бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

.

Количество просмотров: 123