АКШнын 46-президенти Жо Байден менен жубайы көпчүлүктүн катышуусунда коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, Жо Байден менен жубайы «Biontech» жана «Pfizer» компаниялары өндүргөн вакцинаны тандашкан. Байдендин эмдөө алып жаткан видеосу дагы жарыяланды.
«АКШ элинин кооптонуусуна негиз жок. Вакцина жеткиликтүү болгондо баарыңыздарды эмдөөдөн өтүүгө чакырам», — деп билдирген Жо Байден.