• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Аксыда эки киши күйдүргү жуктурду

13 Аяк оона 2021 17:54 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жети адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү. Анын экөөнөн илдет аныкталды. Бул тууралуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев билдирди.

Маалыматка караганда, оору аларга союлган уйдун этинен жуккан. Беш бейтапты текшерүү уланууда. Мындан улам айылда санитардык агартуу иштери күчөтүлгөн. Ветеринардык адистер мал союлган жерден алынган топуракты лабораторияга жиберген.

«Кара-Суу айыл аймагынын Жүзүмжан айылынын тургундары өлүп калган уйду союп, этин 17 үй-бүлөгө тараткан. Андан соң кээ бирлеринин колунда ыйлаакчалар пайда болуп, жети адам күйдүргүнүн белгилери менен Аксы райондук оорукана жаткырылган. Учурда эки адамдын лабораториялык анализдеринен күйдүргү аныкталды. Калган бешөөнүкү терс чыкты, бирок колдорундагы жара оорунун белгисин көрсөтүүдө. Баарынын абалы жакшы. Ал эми булар менен 41 адам байланышта болгону аныкталды, анын ичинен ону 14 жашка чыга элек балдар. Алар үйүндө медиктердин көзөмөлүндө болуп, антибиотик алып жатышат», — деди билдирген Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев.

Количество просмотров: 313