• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Селде алты адам каза болду. Кыргызстан Кытай менен жүк өткөрүүнү көбөйтүүнү сүйлөшүүдө

13 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 13-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан он бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 2 123​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 292 адамдан аныкталды. Анын ичинен эң көп Бишкекте катталды – 720 киши. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 142 270 адамга жетти. Андан 119 694 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 587 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 219 бейтаптын абалы өтө оор, 1 352 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келишет.

АКСЫДА СЕЛДЕН 6 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырды. Ал кырсыкта мерт болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду. Дагы эки адам изделип жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында эки бала да бар. Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат. Маалыматка караганда, көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙ МЕНЕН ЖҮК ӨТКӨРҮҮНҮ КӨБӨЙТҮҮНҮ СҮЙЛӨШҮҮДӨ

Кыргызстан Кытай тарап менен эки өлкөнүн чек ара бекеттеринен жүк өткөрүүнү көбөйтүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Мекеме Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кыргыз тарапка чек арадагы өткөрүү пункттарынын кызматкерлерин, айдоочуларды, товар ташыган адамдарды коронавируска каршы эмдөөнү сунуштаган.

12-июлда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүгө 30-35 гана автоунаа өтүп жатканын айткан. Ал муну Кытай Кыргызстанда калктын 70% эмделиши керек деген шарт коюп жатканы менен түшүндүргөн.

Элчилик бул маалыматты четке кагып, Кыргызстанга мындай талап койбогонун билдирген.

Количество просмотров: 549