• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аксыда сел каптаган үйлөр тазаланды

27 Бугу 202410:30 Бишкек Govori.TV

Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагындагы Кара-Камыш айылында катталган кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган күч-каражаттардын жардамында 56 турак үйдүн короо-жайы тазаланып бүттү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Аркыт айылында Кара-Жыгач – Сары-Челек авто жолунун болжол менен 2,5 чакырым аралыгы, Сарай-Сай сайынан түшкөн сел суулары сайдан ашып, 500 метр аралыкта ички чарбалык авто жолун каптаган. Мындагы суу жууп кеткен тилкелер калыбына келтирилип, жол каттамында унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов сел түшкөн аймактарды жеринен көрүп кооптулукту алдын алуу үчүн тиешелүү тапшырмаларды коюуда.

Количество просмотров: 115