• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аксыда ур-токмоктон аял каза болду. Шектүү катары күйөөсү кармалды

13 Үчтүн айы 202517:56 Бишкек Govori.TV

Аксы районунда ур-токмоктон аял каза болуп, шектүү катары анын күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-январь күнү Аксы РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Үч-Коргон айылдык ооруканасынан билдирген. Анда 2025-жылдын 10-январь түнкү саат 03:00 чамасында Аксы районунун Үч-Коргон айылынын 1974-жылы туулган М.А. аттуу (аял киши) тургунун денелери көк-ала, өзүн билбеген абалда тез жардам кызматы алып келгендигин билдирген.

Аталган факты Аксы РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

«Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 1974-жылы туулган М.А. аттуу жаранды 9-январдан 10-январга караган түнү саат 01:40 чамасында тез жардым кызматы менен алып келинип терапия бөлүмүнө (острая нарушения мозгового кровообращения диагнозу менен) жаткырылып, 10-январь күнү саат 09:22 чамасында каза болуп калгандыгы, ошнондой эле М.А. аттуу жарандын бир тууган агасы 1966-жылы туулган М.К. арыз менен кайрылып, карындашынын жолдошуна карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сурагандыгы маалым болгон. Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестирине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 130-берене (ден-соолукка оор залал келтирүү ) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Аксы районунун тургуну О.Д. аттуу жаран кармалып, Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 354