• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Балтанын вице-мэри кармалды

1 Кулжа 202616:26 Бишкек Govori.TV

УКМК Кара-Балта шаарынын вице-мэри (К.А.У.) менен мэрияга караштуу “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын директору (Э.М.У.) коррупцияга шек саналып кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар жеке адамдарга кум-шагыл аралашмасын жана битумду мыйзамсыз сатуу иштерин уюштурган деп шек саналууда.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Количество просмотров: 109